Биз менен байланышыңыз

Кышында окуучулардын жол коопсуздугун алдын алуу чаралары күчөтүлөт

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 689 | 0

Кыш мезгилинде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун алдын алуу чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова автоунаа жолдоруна жакын жайгашкан мектептерде  окуучулардын жол коопсуздугун  алдын алуу жана камсыз кылууга арналган  кеңешмеде билдирди.

Анда жол боюнда жайгашкан мектептерде окуучулардын коопсуздугун алдын алуу, коргоо иштеринде ата-энелерге  жардам көрсөтүү үчүн  ыктыярдуу кошуундарды, ыктыярчыларды, студенттерди тартуу  маселелери каралды.

29-октябрда «2018-2019-жылдарга жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча  иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү» өкмөттүн токтому кабыл алынган. Аны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев маалымат берди. Анын айтымында, балдардын  жол коопсуздугун сактоо жана коргоо ишине студенттерден турган ыктыярчылар  жардамга тартылууда. Натыйжада тогуз айда жаш балдардын жана мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыктары азайган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM