Биз менен байланышыңыз

Асанбаев: Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттар аз

Күн чабыт | 22 Окт 2018 | 1157 | 0

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын саны 100 миңден ашканын эл өкүлү Таабалды Тиллаев парламентте көтөрүп, депутаттарды көңүл бурууга чакырды. Ал бүгүнкү күнү бул тармакта коррупция гүлдөп, мыйзамсыз жүргөн мигранттардын айынан жок эле дегенде 1-2 миң сомдон алганда эле, 200 млн сомду түзүп жатканын кабарлады. Учурда Кыргызстанда абал кандай жана өлкөгө кирген ар бир чет өлкөлүктүн жүрүү тартиби тууралуу миграция кызматынын мурдагы төрага орун басары Алмаз Асанбаев «Күн чабыт» программасында айтып берди.

-Депутат айтып чыккан маалыматтын канчалык чындыгы бар? Бүгүнкү күнү мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын саны 100 миңден ашып калдыбы?

-Бүгүнкү күнү Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөндөрдүн саны 100 миң деп айтуу таптакыр туура эмес. Анткени Ички иштер министрлиги бул боюнча бир топ иштерди алып барып жатат. Ошондуктан бул маалыматка толук ишене албайм.

Мыйзамсыз жүргөн жарандар негизги кайсы өлкөнүн жарандары? Алардын кандай  жолдор менен мыйзамсыз кирүүсүнө жол ачылып калып жатат?

-Негизинен Кыргызстанга 4 млн жолу чет өлкөлүктөр кирет. Ал эми эки тараптуу өтүүлөрдү санасак, 8 млнго жакын кирип-чыгуулар бар. Биринчи орунда Казакстандын жарандары турат. Ал өлкөдөн жылына 1 млн жолу кирип чыгышат. Экинчи орунда Орусиядан келген жарандар турат. Келип кетүүлөрдүн саны 400 миң. Чек арадагы өтүүлөрдү карасак 800 миңге чейин жетет. Андан кийинки орундарда биздин өлкөгө Өзбекстан жана Тажикстан жарандары кирип-чыгат.  Булардын басымдуу бөлүгү Кыргызстан аркылуу башка өлкөгө чыгышат. Анткени Ош аэропорту Борбор Азияда транзиттик хаб болуп калды десек жаңылышпайбыз. Андан кийинки 5-6-орундарда алыскы мамлекеттерден келген жарандар десек болот. Бешинчи орунда Түркия мамлекети, көпчүлүгү визасыз кыска мөөнөткө келип-кеткенин көрүп турабыз. Андан кийинки визалуу мамлекет Кытай. Бул эки мамлекеттин көрсөткүчү бир деңгээлде. Экөөнүн айырмасы виза жана визасыз кирүүгө байланыштуу. Жылына алардын агымы 35 миңге жакын. Мунун баары мыйзамдуу кирип жаткандар.

Ал эми өлкөгө мыйзамсыз кирүү бул өтө сейрек кездешкен көрүнүш. Мыйзамсыз өтүү бул — чек арадан атайын уюштурулган пункт эмес, чек араны кесип өтүү болуп эсептелет.  Депутат айтып жаткан маселе көпчүлүк чет өлкөлүктөр өлкөдө мөөнөтүн сактабай калып жатканда аныкталат. Бирок бизде мыйзамсыз жүрүү өтө эле оор. Анткени атайын электрондук база бар. Кыргызстанга кирип жаткан ар бир чет өлкөлүк жаран ошол базага киргизелет. Ал жерде визанын мөөнөтү, убактысы тууралуу маалыматтар камтылган. Бул министрлик аралык база. Буга Чек ара, Миграция кызматы, Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы дагы кирген.   

— Бул көрүнүштүн кандай тобокелдиктери бар? Маселени кантип жөнгө салуу керек?

Бул тармакты жөнгө салуу үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкү күнү өкмөт ошол мыйзамдардын негизинде актыларды өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тармакта өкмөт тараптан тийиштүү эле иш алып барылууда. Бирок анын баары элге жарыяланбайт. Жабык маалыматтар болуп эсептелет.

Маегиңизге рахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM