Аскер прокуратурасы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курулуш иштериндеги мыйзам бузууларга байланыштуу кылмыш иштери козголгону 2-декабрда белгилүү болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул боюнча комментарий берди.
Министрликтин маалыматына караганда, курулуш иштеринин сапатын текшерүү жана бюджеттен 2024-жылга бөлүнгөн 1 млрд сомдон ашуун каражатты максаттуу пайдалануу боюнча Аскер прокуратурасы ӨКМ менен бирге текшерүү жүргүзгөн, мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузууга жол берген ӨКМдин кызматкерлерине тиешелүү чаралар көрүү боюнча тапшырмалар берилди.
“ӨКМ коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу максатында ички жана сырткы текшерүүлөрдү дайыма жүргүзүп келет. Ошондой эле аткарылып жаткан жумуштардын жүрүшү тууралуу маалыматтар коомчулукка дайыма ачык берилет” , — деп айтылат маалыматта.
Аскер прокуратурасы курулуш иштеринин жүрүшүндө аныкталган одоно мыйзам бузуулар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 273-беренеси (Сапаты начар курулуш) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен иш козгогон.