Connect with us

ӨКМдин курулуш иштериндеги мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 2 Дек 2024 | 162 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курулуш иштериндеги мыйзам бузууларга байланыштуу кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Аскер прокуратурасы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде табигый кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу максатында курулган объектилеринин сапаты боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгы менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаментине, Сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматына 6 прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, алардын негизинде 1 млн 808 миң 427 сом зыяндын орду толтурулду.

Мындан тышкары, курулуш иштеринин жүрүшүндө аныкталган одоно мыйзам бузуулар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 273-беренеси (Сапаты начар курулуш) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иштери козголгон.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы дамбаны курууда департаменттин жооптуу кызмат адамдары «Э» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, тийиштүү иш кагаздарына жалган маалыматтарды киргизип, курулуш иштеринин көлөмүн атайылап жогорулаткан. Анын натыйжасында мамлекетке 4 млн 330 миң сом зыян келтирилген. Кылмыш ишин тергөө учурунда материалдык зыяндын орду толтурулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM