Connect with us

Жумгалдагы ата-баланы издөөгө 100дөй адам, алты дрон тартылды

Кыска кабар | 29 Окт 2024 | 298 | 0

Бүгүн, 29-октябрь саат 09:00гө карата алынган маалыматка ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө иштери улантылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан издөө иштерин күчөтүү максатында 46 куткаруучу жана 6 дрон жөнөтүлдү.

Мындан сырткары, ИИМдин 38 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам катышууда.

16-октярда Жумгалдын тургуну баласы менен Жансар жайлоосуна кой кайтарууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Ошондон бери издөө иштеринен майнап чыга элек.

Дайынсыз болуп жаткан ата-баланын жакындары президенттен, өкмөттөн жардам сурап кайрылышты. Алардын айтымдарында, ата-баланы издөөгө кошумча күч, атайын техникалар жетишпей жатат. Мындан улам алар президенттен ӨКМдин кызматкерлеринен кошумча күч, кайык, дрон, суу астында көрүүчү камера, тик учак, иттерди берүүнү суранышкан.

28-октябрда президент Садыр Жапаров дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды. Издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды.

Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулары айтылды.

Учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да издөө жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат.

Copyright © 2017 Maral FM