Биз менен байланышыңыз

“Йакын-Инкардын” мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартып, светтик жашоого макул болушту

Кыска кабар | 15 Авг 2024 | 211 | 0

Ушул жылдын 29-июнунда УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында тыюу салынган «Йакын-Инкар» экстремисттик агымынын 4 мүчөсү кармалган.

Алар 52, 58, 54 жана 44 жаштагы жарандар болгон. Аталган адамдар буга чейин Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, ошол эле учурда өздөрүнүн ишенимдеринен улам үй-бүлө мүчөлөрүнө орто билим алууга жана медициналык тейлөө кызматтарын пайдаланууга жол бербей келген.

«Жазаларды аткаруу кызматынын №53 мекемесинде камакка алынгандар менен экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча тиешелүү түшүндүрүү-алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Натыйжада, алар өз иш-аракеттеринин туура эместигин түшүнүшүп, «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымынын идеологиясынан баш тартышты. Андан ары КР УКМК кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кармалгандардын үй-бүлөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында балдарга жаңы окуу жылынан баштап мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк берүү, ошондой эле поликлиникада каттоого туруу жана тейлөө боюнча милдеттенмелер алынды», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Учурда УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик агымдардын жана уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM