Биз менен байланышыңыз

18ге чыккан жетим балдар үчүн 500 миң сомдук депозит ачылат

Кыска кабар | 15 Авг 2024 | 168 | 0

“Келечекке салым” балдар депозитиинин Жобосу бекитилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылы «Келечекке салым» мамлекеттик балдар салымын киргизүү жөнүндө президент жарлыкка кол койгон. Ага ылайык «Айыл Банк» ачык акционердик коомунда жетим балдар үчүн аманаттарды ачуу каралган.

Бала 18 жашка чыкканда, депозитте 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес өлчөмдө топтолгон каражаттар анын тандоосу боюнча билим алууга же ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга же турак жай сатып алууга чыгымдарга каралган.

«Келечекке салым» депозитин ачуу үчүн жарандардын жеке кайрылуусунун зарылдыгы жок, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен «Айыл Банк» ААКтын алдында гана демилгелүү тартипте ишке ашырылат.

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө почта, электрондук почта аркылуу «Келечекке салым» депозитинин банк эсебинин номери тууралуу кабарланат.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 2 853 жетим бала жашайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM