Биз менен байланышыңыз

Жогорку соттун төрагасы тергөө органдарын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырды

Кыска кабар | 14 Авг 2024 | 405 | 0

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков тергөө органдарына ачык кайрылуу жасады.

Ал мындай кайрылуусунун себебин — укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлерин күнөөсүздүк презумпциясын сактоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурдуруу үчүн деп түшүндүрдү.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк презумпциясы — адилеттүүлүктүн негизги принциптеринин бири болуп саналат. Берененин 1-бөлүгүндө, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт, деп айтылат. Бул принцип Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Соттун төрагасы тергөө органдары чоң кармоолор жана айыптоолор боюнча маалыматтарды ЖМКларга шашылыш билдирип, коомчулукка кылмыш далилденгендей маалымат беришет жана кармалгандарды кылмышкерлер катары көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Ал мындай агрессивдүү маалымат саясаты, күнөөсүздүк принцибин четке кагып, коомчулуктун сот бийлигине болгон ишенимин жоготорун да кошумчалаган.

«Судьяларга байланыштуу тергөө органдары тараткан маалымат боюнча бир мисал келтирейин. Бул маалымат шашылыш түрдө чыккандыгы көрүнүп турат. Анткени, чуулгандуу пресс-релизден бир аз убакыт өткөндөн кийин тергөөчү кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарган» — деп билдирген Жогорку Соттун төрагасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM