Биз менен байланышыңыз

Ветеринардык кызматтын башкы эсепчиси кармалды

Кыска кабар | 26 Июл 2024 | 136 | 0

Уулуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын эсепчисинин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча маалымат берди.

25-июлда «Опузалап пара талап кылуу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 40 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алуу учурунда ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын башкы эсепчиси М.Н.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Көрсөтүлгөн акча каражаттары жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгаруу максатында кийин Эсептөө палатасынын кызматкерине өткөрүп берүүгө арналгангандыгы аныкталды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM