Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Улуттук инвестициялык фонд түзүлдү

Кыска кабар | 25 Июл 2024 | 177 | 0

Президент Садыр Жапаров «Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Максаты мамлекеттик үлүшкө катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу болуп саналат.

Фонддун капиталы фонддун акцияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында Министрлер кабинети тарабынан түзүлөт. Фонд жана анын туунду компаниялары мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катыша алат. Бул социалдык маанилүү болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кайра өндүрүүдө же алардын иш чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жагымдуу рыноктук шарттарды түзүү менен коштолушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM