Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Аталар күнү 15-мартта белгиленет

Кыска кабар | 25 Июл 2024 | 392 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Президент Садыр Жапаров «Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ага ылайык, Кыргызстанда Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү майдын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.

Аталар күнүн белгилөөнү Жогорку Кеңештин депутаттары Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов, Кубанычбек Самаков, Медербек Алиев демилгелеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM