Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Горький көчөсүнүн бир бөлүгү 25-июлда жабылат

Кыска кабар | 24 Июл 2024 | 144 | 0

Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашкандай, 25-июлдан тарта М.Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат.

Жумуштардын биринчи этабында Горький көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Горький көчөсү Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM