Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы селде 20 трансформатор жабыркаган

Кыска кабар | 24 Июл 2024 | 152 | 0

Жалал-Абадда 23-июлда катуу жааган жамгырдан улам Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында сел жүргөн. Селден Арсланбап, Кош-Терек айылынан болжолдуу түрдө 642 керектөөчүнүн электр энергиясы өчкөн.

Мындан улам 10 кВ Арсланбап фидер аварияга учурап, Базар-Коргон РЭТинин балансында 11, керектөөчүлөрдүн балансында 9 даана трансформатор жабыркаган.

Энергетика министрлиги бүгүн таңкы саат 06:00дөн тарта калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Электр мамычалары жабыр тарткан эмес. Ал эми бак-дарактардын кулап түшүүсүнөн үзүлгөн аба чубалгылар калыбына келтирилүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM