Биз менен байланышыңыз

«Айчүрөк» соода борборунун ээси Габбазовго козголгон иш кыскартылды

Кыска кабар | 23 Июл 2024 | 360 | 0

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого айыпталган «Айчүрөк» соода борборунун ээси Анвар Маметовго (Габбазов) козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамдагы ууру Камчы Асанбек ишкерлердин бири Анвар Маметов (Габбазов) тарабынан уюшкан кылмыштуу топ деп аталган топтун ишин каржылоонун айрым фактылары аныкталган.

2024-жылдын 16-июлунда А.Маметов Кыргызстандын аймагына келип, тергөө органдары менен бир катар тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Анвар Маметовго карата мурда коюлган айыптар уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана каржылоосуна катышы жоктугунан алынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

УКМК 2023-жылы ноябрда Анвар Габбазов Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгенин билдирип, ага издөө жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM