Биз менен байланышыңыз

«Түрк аба жолдору» авиалиниясы менен жүк ташуу боюнча макулдашууга кол коюлду

Кыска кабар | 23 Июл 2024 | 216 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Түрк элчилигинин, Turkish Airlines авиалиниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Министрлик кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кытай менен Turkish Airlines авиалиниясынын ортосундагы келишимдин алкагында Бишкектен  Кытайдын Шанхай шаарына айыл чарба жүктөрүн ташуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Кытай менен “Түрк аба жолдору” авиалиниясынын айыл чарба товарларын жумасына 300 тоннага чейин ташуу каралган жана 1 килограмм жүктүн баасы 6-7 доллардан 1-1, 5 долларга төмөндөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM