Биз менен байланышыңыз

Жогорку окуу жайларга 14 миңден ашуун абитуриент кабыл алынды

Кыска кабар | 22 Июл 2024 | 218 | 0

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи турунда 14 миңден ашуун абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

I турда жалпысынан 30 миң 246 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга 11 миң 334, контрактык негизде окууга 18 миң 912 талон түшкөн. Жыйынтыгында 14 миң 271 абитурент кабыл алынды.

22-июлда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун  экинчи туру башталган. Арыздарды кабыл алуу 24-июль күнү саат 14:00дө аяктайт.

2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу беш тур менен өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM