Биз менен байланышыңыз

«Жарандык абалдын актысынын жазуусу» онлайн кызматы ишке киргизилди

Кыска кабар | 23 Июл 2024 | 154 | 0

2024-жылдын июнь айынан тарта “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу “Жарандык абалдын актысынын жазуусу» онлайн кызматы ишке киргизилген. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Кыргызстандын жарандары авторизациядан өтүп, “Жарандык абалдын  актысын санариптештирүү” кызматына кирет.

Каталог боюнча милдеттүү талааларды толтуруп, баланын же жубайынын документин санариптештирүү зарыл болгон учурда кошумча талааларды толтурат.

Арыз ийгиликтүү толтурулган кийин, арыз ээсинин жеке кабинетине арыз кабыл алынгандыгы жана 1-күндөн 3-жумушчу күнгө чейин каралаары жөнүндө билдирүү келет.

Өтүнмө ээсинин жарандык абалын жазуу санариптештирилгенден кийин, Tunduk тиркемесинде санариптик күбөлүктөр жеткиликтүү болот.

Эгер жарандык абалдын акт жазуусун санариптештирүү мүмкүн болбосо, арыз ээсине жарандык абалдын акт жазуусун санариптештирүүдөн баш тартуунун себебин түшүндүрүү менен билдирүү келет.

Министрлик билдиргендей, Кыргызстандын гана жарандары онлайн режиминде каттала алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM