Биз менен байланышыңыз

Суусамырдагы «Музтөр» жайлоосунда сүт чогултуу пункту ачылды

Кыска кабар | 22 Июл 2024 | 159 | 0

Суусамыр өрөөнүндөгү “Музтөр” жайлоосунда сүт чогултуу пункту ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

“Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун” долбоору аркылуу 3 тонналык муздаткыч танкер жана 2 тонналык сүт ташуучу цистерна орнотулуп, сүт өндүрүүчүлөр жамааты түзүлдү.

Малчылар жай мезгилинде уйларын алыскы жайлоолордо багып, сүттү чогултуп, аны Талас шаарына чейин 120 чакырымдан алыс аралыкка ташып барышкан. Бул сүттүн сапатын төмөндөтүп, өндүрүүчүлөрдүн кирешесин азайтып келген. Эми муздаткыч танкер жана цистерналар малчылардын түйшүгүн кыйла жеңилдетерин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев белгиледи.

Министр Талас шаарындагы «Талас Сүт» сүт ишканасынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Ишкананы кайра жаңылоо муктаждыгы бар экени айтылды. Ишкананын жайкы сезондо суткалык кубаттуулугу 30-40 тоннаны түзөт. Адистердин, кызматкерлердин жана жумушчулардын саны 70ке жакын. Учурдагы болгон өндүрүш кубаттуулугу 60%га жетет.

Сүт продукциясынын (каймак май жана кургак сүт) 80-85% облустун жана Бишкек шаарынын ички рыногун камтыса, калган 15-20% Орусия, Казакстанга экспортко жөнөтүлөт.

Сүт тапшыруучулардын жалпы саны 1500дөн ашуун жана сүт чогултуу облустун 40 айылынан жүргүзүлөт, ошондой эле сүт чогултуучу 3 стационардык пункту бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM