Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күндүн табы жогорулайт

Кыска кабар | 22 Июл 2024 | 430 | 0

Эртең, 23-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл блусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29.

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, 23-июлда кечке маал өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын  температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +33…+35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM