Биз менен байланышыңыз

Орунтаев үйлөрдүн баасы эмне себептен кымбаттап жатканын айтты

Коом , Экономика | 12 Июл 2024 | 3750 | 0

12-июлда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев курулуш тармагындагы пландалган реформаларга токтолуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Нурдан Орунтаев «Асман» шаарынын курулушу кайсы этапта экенин айтты.

«Кандайдыр бир объектти куруунун алдында долбоорлоо процесси болот. Инвесторлор долбоорду даярдап, президент Садыр Жапаров шаардын курулушуна капсула салып, иш башталды. Мен шаар курулат деп ишенем. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бизде инвестиция бар. Инвесторлор азыртан эле инвестиция сала башташты. Бул долбоорго көптөгөн инвесторлор кызыкдар, демек акча да бар. Учурда жер тилкелерин бөлүштүрүү, пландоо, инженердик курулуштарды куруу иштери жүрүп жатат».

Ошондой эле ал «Асман» шаары көп жылдык курулуш экенин, азырынча аяктоо мөөнөтүн айтуу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

«Ал жерде ондогон имараттар курулат. Бул узак мөөнөттүү курулуш болгондуктан, азырынча мөөнөтү жөнүндө айтуу мүмкүн эмес. Балким 10 жыл, балким 20 жылдыр, бирок иш уланып жатат. Азыр жер тилкелерин бөлүштүрүү, пландоо, инженердик курулуштарды куруу иштери жүрүп жатат, келечекте имараттардын өздөрү курула баштайт».

Ысык-Көлдөгү «Асман» эко-шаарынын курулушуна 2023-жылдын 30-июнунда капсула салынган. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана чет элдик инвесторлор катышкан.

Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500-700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат деп айтылган.

«Асмандын» курулушуна алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталат. Курулуш иштери толугу менен инвесторлордун эсебинен ишке ашырылат.

Нурдан Орунтаев бүгүнкү күндө Кыргызстанда 500дөй соцобъекттин курулушу жүрүп жатканын маалымдады. Ал быйыл өткөн жылдагыдай эле социалдык объекттер пайдаланууга берилгенин белгиледи.

«Өткөн жылы мамкурулушка 11 млрд сом бөлүнүп, 500 социалдык объекти пайдаланууга берилген. Азыр 6,5 млрд сомго милдеттенме алып, былтыркы жылдагыдан кем эмес курулуштарды бүтүрүп, ишке беребиз. Азыр 100 мектептин, 150дөй бала бакча жана жана соцобъекттердин курулушу кызуу жүрүп жатат. 500 курулуштун быйыл 200дөйүн пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде мектептер, бала бакчалар, таза суу курулмалары, ФАПтар, ооруканалар жана башка объекттер бар».

Мындан тышкары өлкөдө кыймылсыз мүлктүн баасына кайсы факторлор таасирин тийгизип жатканын айтып берди.

«Өлкөдө коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу иштеп чыгуучуларга катуу талаптар коюлууда. Кыргызстанда курулуш нормаларына өтө катуу талаптар коюлган. Мамлекеттик агенттик металл конструкцияларын, арматура-бетонду пайдаланууга катуу талаптарды коюп жатат. Кыргызстанда үйлөр жогорку сапатта курулуп жатат деп ишенимдүү айта алам, бул кыймылсыз мүлктүн кымбатташына таасир этүүдө».

Курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип чыгат. Президент тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилгенден кийин, ишке ашыруу пландалууда.

Өткөн жылдын февраль айында Министрлер кабинети эки жуманын ичинде Кыргызстандын курулуш тармагын реформалоо боюнча программанын долбоорун иштеп чыгууну тапшырган.

Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп былтыр ноябрда дайындалган. Агенттикти буга чейин Мырзабек Жыпаркулов жетектеген.

Президент: Түз жерлер жетишсиз, эски көрүстөндөрдүн аймагын пайдаланышыбыз керек

Copyright © 2017 Maral FM