Биз менен байланышыңыз

Президент: Түз жерлер жетишсиз, эски көрүстөндөрдүн аймагын пайдаланышыбыз керек

Кыска кабар | 12 Июл 2024 | 773 | 0

Түздүк жер жетишсиз, убакыттын өтүшү менен азыр көрүстөндөр жайгашкан аймактарды пайдалана башташыбыз керек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров “Ала-Тоо 24” телеканалынын “Көрүстөндөр көйгөйү” аталышындагы видео материалында айтты.

Садыр Жапаров Кыргызстандын сөөк коюлган жерлер кийин кайра иштетүүгө берилбесе элди турак жай менен камсыз кылуу, азык-түлүк маселеси курчуй турганын эскертти.

Ал Ысык-Көл облусунда жакындары жерге берилген жерге барып, каза болгон баласына да эстелик тургузбаганын айтып, чоң атасы менен чоң энеси жерге берилген жайды көрсөттү.

Садыр Жапаровдун айтымында, мүрзөлөргө эстеликтерди орнотуп, кээ бир жерде эки кабаттуу үй сыяктуу күмбөз салышкандар бар.

“Мисалы, менин чоң-эне, чоң-атамдын сөөгү ушул жерде жатат. 80-жылдардын аяк ченинде каза болушкан. Анан бир атамдын бир тууган иниси Жумакадыр деген байкем экөөбүз атама да, энеме да эстелик тургузганбыз. Ташка чектирип, жаздырып, тегерегине темир менен тосконбуз. 1990-жылдардын аягында атам Меккеге барып келди. Өзү өмүр бою молдочулук кылган киши. Бирок мындай кылбаш керектигин билбесе керек. Меккеден келгенден кийин шарият боюнча мындай болбойт экен, отко күйгөн нерселерди, темир, цемент колдонгон болбойт экен, арбак өзү кыйналат экен деди. Ошондон кийин бул жерди талкалап, тазалап койгон”, — деди президент.

Президент 2019-жылы каза болгон уулу Дастандын мүрзөсүн да көрсөткөн.

«Бул жерде эч кандай эстелик же тосмо жок. Жөн гана аты-жөнү жазылган белги койдум. Каза болгондо туугандары телефон чалып, үч уй жетиштүүбү деп сурашты. Жада калса тооктун этин кесүүгө тыюу салдым. Мейли эл сөз кылсын, керек болсо боорсок жасабагыла дедим. 5 миңден ашык адам келди, эч ким сөз кылган жок, үй ээси кайгырып турганда жегенге ыңгайсыз болот экен дешти. Азыр заман башка” , — деди өлкө башчы.

Өлкө башчы элди маркумдарды жерге берүүдө ашыкча чыгымдан баш тартып, мүрзөгө эстелик тургузуп, тегерек-четин тосуп албоого чакырды.

Жапаров түздүк жерлер өлкөнүн жалпы аянтынын 6 пайызын гана түзөрүн айтты. Шарият боюнча акыркы сөөк коюлгандан кийин 25 жыл өткөндөн кийин мүрзөлөрдү пайдаланууга болорун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM