Биз менен байланышыңыз

Мэр Жунушалиев Бишкектен троллейбустар толук алынарын айтты

Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 317 | 0

Бишкекте коомдук транспорттон троллейбустар толук алынарын шаар мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” улуттук агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, мындай кадам менен шаар ичи троллейбус линияларынан тазаланып, каттамга мобилдүү автобустар киргизилет.

«Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр жарнамалык такталар да тазаланууда. Электр өткөрүүчү зымдар, кабелдер жер астына өткөрүлүп жатат. Экинчиден, троллейбус өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Аны убактылуу башка көчөлөргө бура албайбыз. Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тиет. Ошондой эле биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик», — деди Айбек Жунушалиев.

Мэрия 7-июлдан тарта борбордо эки гана троллейбустук каттам калтырылганын билдирген. Учурда №11 жана №14 троллейбус каттамы жүрүүдө.

Бишкекте эки гана троллейбус каттамы калтырылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM