Биз менен байланышыңыз

Президент медиктерди кесиптик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Июл 2024 | 167 | 0

Президент Садыр Жапаров 7-июль медицина кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады.

Садыр Жапаров улуттун саламаттыгы – өлкөнүн башкы баалуулугу экенин, социалдык тармакты өнүктүрүү үчүн элдин өмүрүнүн узактыгын камсыздоого, жашоо сапатын жогорулатууга жана ден соолугун жакшыртууга багытталган бардык иш-чаралар – мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынан болуп саналарын айтты.

Жакында алыскы аймактардагы элдин саламаттыгына кам көрүү иштерин арттыруу максатында жаш адистерге айлыгынан сырткары стипендия чегерүү, врачтын депозитинин суммасын көбөйтүү, врачтык, орто медициналык жана кенже персоналдардын маяналарын жогорулатуу боюнча Жарлыкка кол коюлду.

Садыр Жапаров медицинадагы жетишкендиктерди белгиледи.

«Буга кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүү максатында иштей баштаган Бишкек шаарындагы заманбап Перинаталдык борбордун ачылышын бир мисал кылып айта кетсек болот.

Ошондой эле ушул жылдын июнь айында өлкөбүздө боорду алмаштыруу боюнча биринчи операциянын ийгиликтүү өтүшүн дагы мыкты саамалык катары карасак болот. Заманбап медицинада жигердүү өнүгүп келе жаткан трансплантология маселесинин колго алынышы өлкөбүздүн медицина тарыхындагы эң чоң маанилүү жетишкендиктерибиздин бири болду» , — деди ал.

1-июлдан тарта аймактарда адис дарыгерлердин айлык акысына 20 миң сомдон кошулат. Ал эми депозит программасы менен жаш дарыгерлердин айлык акысы 35-37 миң сомго чейин көбөйтүлөрү кабарланган.

Барыктабасова: Медиктердин айлыгын 100 пайызга көтөрүш керек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM