Биз менен байланышыңыз

 Бишкектеги Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 191 | 0

Бишкектеги Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоп-түзөө  иштери бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн ачылды.

Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эски асфальтты алып, 2 катмар ысык асфальт төшөп, жээк таштарды, ирригациялык системаны орнотушту.

Ошондой эле  кудуктарды жолдун деңгээлине көтөрүп, эки тараптагы тротуарларды оңдоп, жол белгилерин түшүрүштү.

«Учуп өтөлүбү?». «Самокатчылар тоскоолдук кылууда». «Түшүнүп туралы». Жол оңдоодогу түйшүк

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM