Биз менен байланышыңыз

Ноокаттагы сел: Казакстан гуманитардык жардам жөнөттү

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 67 | 0

Ноокаттагы селден жабыркагандар үчүн Казакстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кечээ, 30-июнда түнкү саат 22:30 чамасында Казакстандан атайын рейс менен гуманитардык жардам Ош шаарынын аэропортуна алып келинди.

Гуманитардык жардамды тосуп алууга Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары И.Ташбаев,  Казакстандын Ош шаарындагы консулу М.Карыбай жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жамбыл облусу боюнча башкармалыгынын директору А.Токанов  катышышты.

Селден жабыркаган Ноокаттыктарга келген гуманитардык жардамдын курамында турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөрдөн турат.

Ош облусунун Ноокат районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун арасында Казакстандын эки жараны бар экенин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги телеграм каналында билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин эки баланын сөөгү табылган, дагы экөөнү издөө иштери жүрүп жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен каза болгондордун саны 9га адамга жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM