Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы №28 орто мектеп менен №70 гимназия эмнеге бириктирилгенин түшүндүрдү

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 184 | 0

Бишкектеги №28 мектеби №70 мектеп-гимназияcsнын курамына кошуларын мэриядан кабарлашты. Бул мектептердин бириктирилиши имараттарын натыйжалуу пайдалануу максатын көздөй турганы айтылды.

Эми башталгыч класстар (1-4-класс) №70 мектеп-гимназиясында, ортоңку класстар (5-8-класс) №28 орто мектепте,  жогорку класстар (9-11-класс) 70 мектеп-гимназиясынын имаратында окушат.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, №28 орто мектеби лицей макамына ээ эмес жана лицензиянын мөөнөтү аяктаган. Эми мектептердин бириктирилиши менен анын окуучулары мектеп-гимназиянын курамына кирмей болду.

№28 орто мектептин педагогикалык курамы, кенже жана техникалык кызматкерлери штаттык режимде иштей берет. Ал эми окуучулар класстарына жараша ар кандай имараттарда окуй тургандыктан, класстарда ашыкча жыйноо болбойт.

Мэрия 2000-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен №36 жана №69 мектептер бириктирилгенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM