Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи туру 15-июлда башталат

Кыска кабар | 7 Июл 2024 | 315 | 0

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Министрлик буга чейин жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого баллын бекиткен. Ага ылайык, гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылган.

Ал эми педагогикалык билим берүү багыттары жана “Укук коргоо иши” даярдоо багыттары үчүн гранттык орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы — 120, предметтик тест — 60 болуп бекиди. Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча –115, предметтик тест – 60 балл.

Саламаттык сактоо багыттары үчүн гранттык квоталарга негизги тест -120 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутууга негизги тест боюнча – 110 балл, ал эми предметтик тест-60 балл негизинде жүргүзүлөт.

Айыл чарба илимдери боюнча окутуу багыттары үчүн гранттык квоталарга жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл, предметтик тест-60 балл болуп бекитилди.

I жана II топтогу майыптарды, бала кезинен майыптарды, тоголок жетим балдарды жана ата-эненин көзөмөлүсүз калган балдарды кабыл алуу үчүн медициналык жана фармацевтикалык адистиктерге гранттык орундарга негизги тест – 105 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл болуп төмөндөтүлдү.

Ички иштер министрлигинин Академиясына сырттан окуу формасына тапшыруучу абитуриенттер үчүн – 100 балл.

Куралдуу күчтөрдүн К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтуна бардык даярдоо багыттарына тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн босого балл – 100 балл болуп белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM