Биз менен байланышыңыз

Аксы райондук милициясынын башчысы жана эсепчиси кармалды

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 192 | 0

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук милициясынын башчысы жана эсепчиси системалуу түрдө акча каражатын ыйгарып алууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Аксы РИИБинин кызмат адамдары системалуу түрдө мамлекеттик сатып алууларды, анын ичинде көмүр, кызматтык автотранспорттун тетиктери, кеңсе товарлары ж.б. сатып алууларды расмий жүргүзүү жолу менен аффилирленген фирмаларга акча каражатын которуп, андан ары накталай ыйгарып алышканы аныкталды.

Мындан тышкары аталган ички иштер бөлүмүнүн башчысы иш сапарлары үчүн чыгымдарга, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майга бөлүнгөн талондорду да өзүнө ыйгарып алган.

2-июлда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын чыгарып алуу жана ыйгарып алуу аракети учурунда УКМК кызматкерлери ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын ички коопсуздук бөлүмү менен биргеликте Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы А.А. А. жана эсепчиси Д.Т.ны кармады.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM