Биз менен байланышыңыз

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу ачылды

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 100 | 0

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы көпүрө жараксыз абалда болгондугуна байланыштуу кечээ түнү айланма жол аркылуу эки тараптуу каттам уюштурулган. Бул тууралуу Өзчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

30-июнь күнү кечинде саат 20:30 чамасында тазалоо иштери учурунда катуу келген селден аталган жолдун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-июнга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөрүн эскерткен.

Мындан тышкары, Кара-Суу районунунда саат 19:00 чамасында Мады айыл аймагында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Папан-Лаглан ички чарбалык унаа жолдун Сары-Талаа тилкесинде унаалардын өтүүсүнө жабылган.

Учурда Мады айыл аймагынын Лаглан айылындагы эс алуу жайларына барып кайтып келе жатышкан болжолдуу 30га жакын унаа (болжол менен 150гө жакын жаран) сел түшүп жолду жеп кеткендигине байланыштуу өтө алышпай калган. Жабыркагандар жок.

Аталган унаа жолду калыбына келтирүү үчүн эксковатор тартылып, унаа жол бир тараптуу ачылып каттам берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM