Биз менен байланышыңыз

ИИМ Ошто опузалап акча талап кылган блогер кармалганын кабарлады

Кыска кабар | 30 Июн 2024 | 90 | 0

Ички иштер министрлиги Ош шаарында опузалап пара талап кылууга шек саналып, өзүн блогер катары тааныштырган жаран кармалганын кабарлады.

29-июнь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынына Ош шаарынын тургуну С.И. атуу жаран арыз менен кайрылып, өзүн блогер деп тааныштырган Ж.Г. аттуу жаран акча опузалап талап кылып жатканын маалымдаган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 1993-жылы туулган Ж.Г. аттуу жаран арыздануучудан 2024-жылдын март айынан тарта социалдык баракчаларына ал жетектеген кызмат жөнүндө терс көрүнүш чагылдырам деп опузалап коркутуп, бир нече жолу акча каражатын алганы, андан сырткары IPad үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө жүргүзүп, Ж.Г. аттуу аял 50 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган.

Кылмышка шектүү болгон Ж.Г. убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM