Кыргызгидромет билдиргендей, 1-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +27…+32,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +30…+32 градус ысык.