Биз менен байланышыңыз

Ноокатта селден каза болгондордун экөө Казакстандын жарандары болгон

Кыска кабар | 30 Июн 2024 | 86 | 0

Ош облусунун Ноокат районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун арасында Казакстандын эки жараны бар экенин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги телеграм каналында билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин эки баланын сөөгү табылган, дагы экөөнү издөө иштери жүрүп жатат.

«Биздин Кыргызстандагы элчилигибиз каза болгон балдардын жакындарына бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп жатат. Бул трагедия Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен Кыргызстан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдын жагдайлары жана эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттешүүсү белгиленди.

Акыркы маалыматтар боюнча, Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен каза болгондордун саны 8 адамга жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM