Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө пирстин үстүнө курулган мончолор буздурулду

Кыска кабар | 29 Июн 2024 | 121 | 0

Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы «Марко-Поло» эс алуу жайындагы пирстин үстүнө курулган мончолор ээси тарабынан буздурулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буздуруу иштери «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга ылайык жана министрлер кабинетинин токтомунун негизинде ишке ашырылды.

Буга чейин Ысык-Көл региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыйтыярдуу түрдө демонтаж иштерин жүргүзүү боюнча эскертме берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM