Биз менен байланышыңыз

Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы канчага жогорулайт? Сандар

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 204 | 0

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жарлыкка ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 %га чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20 %га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат.

Мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация алгандан кийин 50 миң 205 сом алат.

35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог, эми 20 миң сом компенсация төлөнгөндөн кийин 73 миң 222 сом алат.

32 миң 474 сом айлык алган педиатр айлык маянасы көтөрүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө, компенсация төлөнгөндөн кийин 68 миң 709 сом алат.

Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 миң 200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт.

Президент алыскы аймактарда саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу максатында үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып жаш адистерге айлык акысына кошумча стипендия берүү жана дарыгерлердин депозитинин көлөмүн көбөйтүү маселеси чечилгенин белгиледи.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, 2024-жылдын 1-июлунан баштап биринчи этапта төмөнкү төлөмдөр күтүлүүдө:

Кыргызстандын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия, анестезиолог-реаниматологдор) 20 миң сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөмдөр каралууда.

2024-жылдын 1-июлунан тартып кошумча каражаттарга керектөө 380,9 млн сомду түзөт. Жылдык керектөөсү 761,8 млн сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM