Биз менен байланышыңыз

Сот Аскат Жетигенди үч жылга эркиндигинен ажыратты

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 231 | 0

Бүгүн, 1-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын жана активист Аскат Жетиген акыркы сөзүн сүйлөдү. Сот кеңешме бөлмөсүнөн келгенден кийин активистке карата үч жылга абакка кесүү чечими чыкканын жарыялады.

Аскат Жетиген Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен «күнөөлүү» деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ал эми 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) беренеси  акталды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Аскат Жетигенди 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Массалык башаламандыктарга жана бийликти басып алууга чакырык жасоо беренеси менен айыпталып жаткан акын, активист Аскат Жетиген быйыл 20-мартта камакка алынган. Аны 16-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кочкордон кармап, Бишкекке алып келген.

Социалдык тармактагы видеокайрылуусунун негизинде ага «бийликти басып алууга чакырык жасаган»  деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM