Биз менен байланышыңыз

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Көп добуш алган талапкерлер белгилүү болду

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 314 | 0

Кыргызстанда 30-июнда бир мандаттуу Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

Ноокат шайлоо округу боюнча Бакытбек Марипов алдыда келе жатат. Ал шайлоочулардын 44,99% добушун алган. Бул округда жалпы 25611 адам добуш берди, бул шайлоочулардын 28,13 пайызын түздү.

Ал эми Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Айжигит Тыналиев алдыда келе жатат. Ал шайлоочулардын 16,04% добушун алды. Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 21 807 адам добуш берип, катышуу 22,40 пайызы катышты.

Свердлов району боюнча Жумабек Салымбеков көп добуш алды. Ага шайлоочулардын 64,61 пайызы добуш берди. Бул округда 16 миң 424 адам шайлоого катышып, катыушуу 13,36 пайызды түздү.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен эсептөөнүн негизинде эки жуманын ичинде белгилүү болот.

Copyright © 2017 Maral FM