Биз менен байланышыңыз

Ташиев Париждеги Олимпиадага бара турган балбандар менен жолугушту

Кыска кабар , Спорт | 1 Июл 2024 | 276 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан бара жаткан грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушту.

Ташиев олимпиада оюндарына катыша турган балбандарга ийгилик каалап, күрөшчүлөрдүн ар бири жеңишке татыктуу экендигин белгиледи. Спорттун кайсы түрү болбосун, ар бир тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, тийиштүү шарттар, муктаждыктар камсыздалып жаткандыгын кошумчалады.

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы ар дайым алгылыктуу жеңиштерди тартуулап, өлкө желегин желбиретип келгендигин эске алып, аларга өзгөчө көңүл буруу менен, мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөөрү маалымдалды.

Ташиев балбандарга акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды.

Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу күрөш боюнча 10 жолдомо алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM