Биз менен байланышыңыз

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга штаб түзүлдү

Кыска кабар | 29 Июн 2024 | 76 | 0

Ноокаттагы селдин кесепеттерин жоюуга, издеп-куткаруу иштерин көзөмөлдөөгө штаб түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жалпысынан 127 куткаруучу тартылып, медициналык-психологиялык жардам көрсөтүүгө 12 дарыгер, психолог иштеп жатат. Жалпысынан 637 адам иш алып барууда.

Ал эми эки тараптуу жабылган Көк-Жар — Кулатов жолу болжол менен саат 01:00дө ачылып, ИИБ кызматкери жол кыймылын көзөмөлдөөдө. ӨКМден 2 хово, 2 экскаватор 2 тралл тартылды.

Штабда жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтарынын тутуму, сел кесепеттерин жоюуга техникалары да иштөөдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM