Биз менен байланышыңыз

Социалдык кызматтарды жана төлөмдөрдү онлайн көрсөтө турган борбор түзүлдү

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 105 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Борбор социалдык төлөмдөрдү жана кызматтарды онлайн көрсөтүү, санариптик эсепке алуу жана социалдык маалыматтардын мониторинги, социалдык камсыздоо маселелери боюнча онлайн консультация, санариптик көндүмдөр жана технологиялар боюнча билим берүү программалары, социалдык программаларга мониторинг жүргүзүү үчүн санариптик аспаптар, социалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин санариптик автоматташтыруу сыяктуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.

Бул кызмат көрсөтүүлөр жарандарга социалдык колдоонун кыйла натыйжалуу жана жеткиликтүү болушун камсыз кылууга багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM