Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
Министрлик катуу шамал учурунда автоунааларды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоону, электр чубалгылары турган жерге барбоону, көз айнек кийүүнү сунуштайт. Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.