Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кытай менен 1,5 млрд долларлык келишимдерге кол койду

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 158 | 0

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн “Кытай-Евразия ЭКСПО” көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле бизнес-коомчулугунун ортосунда 40тан ашуун документке кол коюлду.

Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Документтерге кол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар ишкерлер катышканы кабарланды. Алар өз тармактары боюнча B2B форматында да жолугушууларды өткөрүп, сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгышты.

“Кытай-Евразия ЭКСПО” көргөзмөсүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика, машина куроо, логистика, соода жүгүртүү, тоо-кен сыяктуу жана башка тармактардагы 40тан ашуун эки тараптуу документке кол коюлду, анын ичиндеги документтердин суммасы 1 млрд 500 млн долларды түзөт.

Эл аралык көргөзмө Үрүмчү шаарында 26-30-июнь күндөрү өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Үрүмчү шаарына 25-июнда барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM