Быйыл май айында казино ишмердүүлүгүнөн мамлекеттик бюджетке 19,8 миллион сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматтарында айтылат.
Жалпысынан жыл башынан бери (январь-май) бюджетке кумар оюндарынан 88,2 млн сом түшкөн.
Оюн автоматтарынын жана компьютердик симуляторлордун кумар оюндарына салыктан январь-май айларында бюджетке 675 миң сом түшкөн.
Ал эми букмекердик конторалардын кумар оюнунан жана лотереядан — 5 миллион сом.
Жалпысынан Кыргызстанда кумар оюндарынын бардык түрүнөн түшкөн пайда 93 миллион 967,1 миң сомго жеткен.
2023-жылдын сентябрынын аягында «Достук» мейманканасында «Кристалл» казиносу да иштеп жатканы белгилүү болгон.
2024-жылдын 13-мартында Golden King ЖЧКсына кумар оюндарын жүргүзүүгө лицензия берилген.
Жалпысынан 2023-жыл ичинде казинолордон бюджетке 91 миллион 547 миң сом түшкөн.
Буга чейин бийлик казинолор лицензия алгандан кийин иштей баштаган биринчи жылы 1 миллиард сомдон 2 миллиард сомго чейин киреше алып келерин айтып келишкен.