Биз менен байланышыңыз

24-июндан тарта Бишкектин айрым көчөлөрүндө убактылуу жаратылыш газы өчүрүлөт

Кыска кабар | 22 Июн 2024 | 177 | 0

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 24-июндан тарта оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралууу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.

Төмөнкү көчөлөрдө жаратылыш газы оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу өчүрүлөт:

24-июндан 28-июнга чейин Масалиев көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Ахунбаев көчөсү көчөсү жана Киргизия-1, Арча-Бешик конуштары, Жал-29, Жал-30, Жал-23, Жал-15 кичи райондору, Ала-Арча д., Жал кичи районунда өчүрүлөт.

25- июндан 26- июнга чейин Лермонтов көчөсү, Ленин проспектиси, Киров көчөсү, Чапаев көчөлөрүндө жаратылыш газы өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM