Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Кыргызстанда кандай кендер бар экенин айтты

Кыска кабар | 19 Июн 2024 | 137 | 0

Кызыл-Омпол кенинин бир гана аймагында титаномагнетиттин болжолдуу запасы 20 миллион тоннага жакын. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 19-июнда тоо-геологиялык форумда айтты.

Кутессай-II кенинде сейрек кездешүүчү металлдардын запасы 21ден ашык элементти кошкондо 60 миң тоннага жакынды түзөт.

Акылбек Жапаров бул запастар 50 жылдан ашык убакыт мурун катталганын жана геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлсө бул көрсөткүчтөр көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.

Ал өлкөнүн өнөктөштөрүн биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерине, тоо-кен тармагына инвестиция салууга чакырды.

Кыргызстанда алтын, көмүр гана эмес, бир кендин эле аймагында 5 миллиард тоннадан ашык темир руда, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар титан, азыркы учурда жогорку экономикалык суроо-талапка ээ (европий, цирконий, цезий, лантанид тобу ж. б.).бар экенин белгиледи.

Форум “Борбор Азиядагы тоо-кен өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген темада өтүүдө. Ага Борбор Азиянын 22 өлкөсүнөн, Европадан, Кытайдан, Түндүк Америкадан жана Жакынкы Чыгыштан 100дөн ашык компания жана уюмдар катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM