Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Аралыктан добуш берүү системасы иштей баштайт

Кыска кабар | 18 Июн 2024 | 142 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шайлоо процессинин жүрүшүндө шайлоочулардын катышуусунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында каралып жаткан модернизацияланган идентификациялык жабдуулар, электрондук жана аралыктан добуш берүү системаларын көрүп чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, учурда добуш берүү жабдууларын жана шайлоону электрондук башкаруу программаларын жакшыртуу жана жаңыртуу боюнча уюштуруу, ошондой эле даярдык көрүү иштери башталды.

Анын айтымында, бул жабдуулар көп компоненттүү идентификациялык жабдууларды алмаштырат. Бул ыкма 2023-жылдын апрель жана октябрь айларында сыналган, атап айтканда, электрондук жана аралыктан добуш берүү жүргүзүлгөн.

Акылбек Жапаров идентификациялык жабдууларды, электрондук жана аралыктан добуш берүү системасын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул шайлоо процессинин сапатын камсыз кылат, ошондой эле жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM