Биз менен байланышыңыз

УКМК «Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрүн кармады

Кыска кабар | 14 Июн 2024 | 257 | 0

«Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун идеологиясын активдүү үгүттөгөн жашыруун радикалдык топтун ишмердүүлүгү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында жалпысынан 15 адам кармалды. Алардын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, көп сандагы диний адабияттар алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Топтун лидерлеринин бирин Ооганстандан келген «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун мүчөсү социалдык тармактан алыстан жалдап, анын көрсөтмөсүн аткарып, башка тарапкерлерин тартууга аракет кылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, таратылып жаткан фото жана видеоматериалдарда «Халифат» «террористтик аракеттерге ачык чакыруу», «улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу» жана «конституциялык түзүлүштү бузуу менен конституциялык түзүлүштү кулатуу» белгилери камтылган.

Мындан тышкары, ок атуучу куралдарды колдонуу жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча окуу роликтери таратылгандыгы аныкталды.

Кармалган 4 адам Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилип, бул топтун башка мүчөлөрүн жана шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM