Биз менен байланышыңыз

Төрт журналисттин абактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 8 Июн 2024 | 227 | 0

Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, Temirov Live долбоорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери Айке Бейшекееванын абактагы мөөнөтү 8-августка чейин узартылды.

Адвокат Улан Сейитовдун айтымында, Ленин райондук соту 7-июнда журналисттердин бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча адвокаттардын өтүнүчү канааттандырган жок.

Жыл башында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталды.

Учурда кармалган 11 журналисттин жетөө үй камагында.

Быйыл 16-январдын таңында «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM