Биз менен байланышыңыз

Кытайга өрүк жана шабдалы экспорттолот

Кыска кабар | 29 мая 2024 | 207 | 0

Кыргызстандан өрүк жана шабдалы жемиштерин Кытайга экспортоо боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда протокол даярдалууда.

Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Кытайдын адистери Кыргызстандагы өрүк жана шабдалы мөмө-жемиштери өскөн бактар,аларды сактоочу, таңгактоочу жайлар текшерилип, анын жыйынтыгында экспорттоого уруксат алынган бактардын реестри түзүлөт.

Министрлик өрүк жана шабдалы өндүрүүчүлөрдү кызматташууга чакырат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот:

Бишкек ш., Киев көчөсү, 96 «Б», Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин Департаментинин өсүмдүктөрдүн тышкы карантини бөлүмү, тел: 0312 620292, 0312 620842.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM