Биз менен байланышыңыз

Нетаньяху Рафахка жасалган чабуулду «кокустук» деп атады

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2024 | 683 | 0

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху  өлкө парламентинде сүйлөп жатып, 27-майда түнкүсүн Рафах шаарындагы качкындар лагерине жасалган соккуну «трагедиялуу кокустук» деп атап, бирок ХАМАС тобуна каршы күрөштү улантарын билдирди.

Бул тууралуу BBCнин орус кызматы жазды.

Анын айтымында, Израил карапайым калкты коргоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүп жатат жана Израилдин куралдуу күчтөрү жаңжалга катышпагандарга зыян келтирбөө үчүн аракет кылууда.

«Биз бул окуяны иликтеп, жыйынтык чыгарабыз, анткени бул биздин саясат», — деп кошумчалады Нетаньяху .

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кеминде 45 киши каза болуп, жүздөгөн адамдар күйүк, сынык жана түрдүү оор жаракаттарды алышкан.

Израилдин соккусу эл аралык уюмдар, БУУ жана Евробиримдик тарабынан айыпталды. Евробиримдиктин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррел Израил БУУнун сотунун Рафахка чабуулун токтотууга буйрук берген чечимин сыйлашы керектигин айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Израилди кескин айыптаган билдирүүсүн таратты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM