Биз менен байланышыңыз

Гутерриш Израилди Рафах шаарынын качкындар лагерине жасаган соккусун айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2024 | 622 | 0

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Рафах шаарындагы лагердеги качкындарга Израилдин кол салышын айыптады.

Рафахтын түндүк-батыштындагы качкындар лагерине Израилдин кол салуусунан улам көптөгөн адамдар каза таап, ондогон адам жарадар болгон.

Гуттериш өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: “Бул кандуу кагылышуудан башпаанек издеген көптөгөн күнөөсүз жарандардын өлүмүнө алып келген Израилдин аракеттерин айыптайм. Газада коопсуз жер жок. Бул хаос токтотулушу керек», — деп билдирүү калтырган.

27-майга караган түнү Израилдин аскерлери Рафах шаарына сокку урган. Палестинанын WAFA агенттиги тараткан соңку маалыматтарга ылайык, Израильдин соккусунан кеминде 45 киши набыт болду, курман болгондордун көбү аялдар жана балдар. Соккунун кесепетинен ондогон адамдар трдүү оор жаракат алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM